Аравандагы айыл өкмөт инвесторду алдаганбы?

Араван району | 22:18, 28-март 2021 | Кароолор: 931Аткарыла элек

Араван районунун айрым тургундары Алля Анаров айыл өкмөтүнүн башында турган кызматкерлер элди жана инвесторду алдаган деп айтып чыгышты. 

Жергиликтүүлөрдүн айтымында, Алля Анаров айыл өкмөтүнүн башчылары аталган айыл өкмөткө караштуу айылдарга таза суу чыгардык деп жалган айтышкан. Бөлүнгөн акча максатсыз пайдаланылгандыктан, айылда таза суу чыгарылган эмес. Азыр суу тартып чыгаруучу насостор иштебей турат.

Жергиликтүүлөрдүн айтымында, Араван району боюнча ар бири 58 миң сомдон болгон 30 даана насос коюлган. Бүгүнкү күндө алар иштебей турат.


Пикирлер модератордун текшерүүсүнөн кийин жарыяланат
Для добавления комментария авторизуйтесь