Куршаб базарында баары аралаш

Узгенский район | 22:48, 28 марта 2021 | Просмотров: 999Не выполнено

Өзгөн районундагы Куршаб айылынын борбордук базары баш аламан. Соодагерлер чоң жолго чейин товарларын жайып алышкан.

Ал жерде жол тыгын жаралып, адам өмүрүнө коркунуч келген жол кырсыгы бат-баттан катталат.

Базардын ичинде тез бузулуучу тамаш-аштардын үстү ачык түрдө сатылууда. Санитардык эрежелер сакталган эмес. Базардын ички жолдору ылай, баткак. 

Куршаб базарында тротуар жөнүндө сөз кылбай койсок да болот. Себеби, соодагерлер жөө басканга мүмкүнчүлүк калтырган эмес. Баары чоң жолдун жээгинен жүрүшөт.

Комментарии будут опубликованы после проверки модератором
Для добавления комментария авторизуйтесь