Ооруканада биологиялык коркунуч бар делген жер ачык турат

Өзгөн району | 10:48, 29-март 2021 | Кароолор: 1 891Аткарыла элек

Өзгөндөгү Жалил Токторбаев атындагы Куршаб ооруканасында биологиялык коркунучу бар таштандыларды убактылуу сактаган жер ачык турат. 

Ооруканадан чыккан кооптуу таштандыларды таштаган жердин кулпусу жок. Жаш балдар кирип, ал жерде ойнобойт деп эч кепилдик бере албаса керек. Эскертүү тактайчасын илгени менен коопсуздук эрежелери сакталган эмес.

Ал жерде кооптуу делген, бейтаптарга колдонулган ийнелер жана пайдаланылган дары-дармектердин идиштери сакталат.

Пикирлер модератордун текшерүүсүнөн кийин жарыяланат