Таштандылар агып, канал тазаланбай, суу ташып жатат
Ош шаарынын борбордук көчөлөрүнүн биринде, тагыраагы Ленин көчөсүндө негизги жолду бойлоп аккан канал бар. Ал каналга таштандылар жана желим бөтөлкөлөр агып келип, каналдын көзүн тосуп калат. Ал жерде суу топтолуп, жолго агып чыгат.
Анын кесепетинен жашоочулардын короосуна да суу кирип кетет. Мындай учурлар жайдын күнү көп кездешет. Канал эч тазаланбайт. Ага ылай, баткак толуп калган.
Учурда окулууда
Балдыз менен жезденин түнкү окуясы. Кылмыш иш Жогорку сотко чейин жетти
Окуп жаткандар: 234