Алма-белдиктер таза жашоону баштап беришти

Ала-Букинский район | 17:52, 29 марта 2021 | Просмотров: 884Не выполнено

Ала-Бука районуна караштуу 1-май айыл аймагынын Алма-Бел айылынын тургундары  бул  аймак элинин алдында таза жашоо кадамын  баштап бердик. Элеттеги жашоочулардын улуусу, ортосу жана жаш мууну да  кайдыгер карабады.

Аймагыбызды жашылдандыруу, тазалоо жана көрктөндүрүүнүн кадамы боюнча башка айыл элине мисал болушту. Акыркы 3-4 күндөн берки жаан-чачында жолдор мурункудай сууга толбой калды. Айланадагы таштандылар бүт алынды. Кезек Ажек айылына өткөрүлдү. Айыл өкмөттү же башкаларды күтө бербей, өзүбүздүн жасаган иш-аракетибизди токтотпошубуз керек. Бул өзүбүз үчүн эле эң сонун кадам.

Комментарии будут опубликованы после проверки модератором
Для добавления комментария авторизуйтесь