Кырк жаштын кырындагылар тиккен көчөттөрүнүн көктөгөнүнө маани беришти

Таш-Көмүр шаары | 18:25, 29-март 2021 | Кароолор: 1 003Аткарыла элек

Таш-Көмүр шаарындагы 41 жашка чыккан классташтар шаарды көрктөндүрүүгө салым кошуу үчүн биргеликте Ясин дарагын отургузуп беришти. Буга биз сүйүндүк. 1980-жылкы  классташ балдар 60 түп даракты жөн гана отургузуп койбостон, тамчылатып сугаруу жолу менен бүткөрүп беришти.

Биздин калаа өлкөдө эң ысык шаар десе болот.  Жайдын аптабында күн 45 градустан ашып кетет. Сырттан келген адамдар түнөй албай кыйналышат. Ушул жол менен дарактар көбөйө берсе экологиябыз тазарат, салкын да болуп калат.

Пикирлер модератордун текшерүүсүнөн кийин жарыяланат
Для добавления комментария авторизуйтесь