Тазаланбаган жолдон унаалар тайгаланды

Сузак району | 09:59, 30-март 2021 | Кароолор: 1 151

Балыкчы—Жалал-Абад жолу кардан тазаланбай, тоо тараптан шаарга бараткан унаалардын көбү Калмак-Кырчын айылына жакын жерден сыйгалак тепти. Жүргүнчүлөр кудайлап, коркуп, кооптонуп жатып араң келдик.

Кечээги жаан-чачын карга айланып, Сузак районуна караштуу тоолуу айылдарга кар жаады. Кызыл ашыктан өткөн кар калкты кыйынчылыкка да кептеди.  Тоолуу айылдардын катарында биздин Калмак-Кырчын айылы да бар. Биздин айылга жетпей ашуу бар, жол тазаланбагандыктан ошол жерде көпчүлүк эл кыйналды. Бири унаа түртүп эптеп жогору чыгып жатышты. Кээ бирлери ылдый түшкөндө араң туштүк.

“Ашуудан ажал табат” деген ушул турбайбы деп да ойлодук. Мындай күтүүсуз аба ырайында деги жол каралабы?

Пикирлер модератордун текшерүүсүнөн кийин жарыяланат
Для добавления комментария авторизуйтесь