Жолдон өтүп баратып, чуңкурга же арыкка жыгыласың

город Ош | 19:09, 29 марта 2021 | Просмотров: 264Не выполнено

Ош шаарынын Юго-Восток кичи шаарчасындагы №102 кичи автобустун акыркы аялдамасы тарапка бурулган көчөнүн кесилишинде жол чырактар бар. Андан ары өткөндө жөө жүргүнчүлөр өтүүчү жол тилке (пешеход)  туура эмес сызылган.

Анткени  жолдун оң тарабынан сол тарабына өтүү үчүн сызылган сызыктан өтсөң, арыкка же чуңкурга түшүп кетесиң. Кичине көпүрөчө кылып койсо, элге ыңгайлуу дагы болот. Жөө жүргүнчүлөр өтүүчү өтмөктөн өтүп келсең, жол жок. Анын ордуна гүл эгилүүчү жер бар. Ошол жерди тепсеп өтүүгө туура келет.

Комментарии будут опубликованы после проверки модератором
Для добавления комментария авторизуйтесь