Маданият үйүнүн отургучтары той-аштарда кызмат кылабы?

Араван району | 10:04, 30-март 2021 | Кароолор: 826Аткарыла элек

Аравандагы Алля Анаров айыл өкмөтүнө караштуу Пахта-Абад айылындагы маданият үйүнүн отургучтарын айылдагы той-аштарга алып барууга айыл өкмөттүн кызматкерлери уруксат берет. 

Маданият үйүнүн абалынан кабар алууга айыл өкмөттүн бир адамы барбайт. Азыр ал жер кароосуз калган. Эч кандай маданий иш-чара өткөрүлбөйт.

Качан той-аштарга отургуч керек болгондо гана барышат. Ошентип жүрүп азыр маданият үйүнүн эмеректери толук эмес. Үйлөрүнө ташып кеткен.

Пикирлер модератордун текшерүүсүнөн кийин жарыяланат
Для добавления комментария авторизуйтесь