«Активдүү жаран»: Чек араны коргоочулардын чек арасы бекем эмес

Ош шаары | 17:47, 30-март 2021 | Кароолор: 3 272Аткарыла элек

Жооп алынды: Чек араны коргоочулардын чек арасы бекем эмес: Расмий жооп

Мамлекеттик чек ара кызматынын Ош шаарындагы квалификацияны жогорулатуу борборунун тосмолору чирип кеткен.

Бул жагын көпчүлүк көрө элек. Жыгач тосмолору ураганы турат. Бетон тосмосу деле кыйшайган, сынган.

Бул жерде курал-жарак, канча деген аскер техникалар сакталат. Же көзгө көрүнө турган жагын жалтыратып койсо болдубу? 

Чек ара кызматынын кызматкерлери турган жердин тосмосу ушундай болсо, биздин чек ара кантип бекемделип, кантип кайтарылат? 

Ар бир жаран өзү жашаган көчөдөгү, айыл же райондогу ар кандай инфраструктуралык көйгөйдү ачыкка чыгарып, сүрөттөр жана видео түрүндө жарыялай алат. Бул жол, жарыктандыруу, таза суу көйгөйлөрү же мамлекеттик кызматтардын кайдыгерлиги менен байланыштуу болушу мүмкүн.

Өлкөнүн өнүгүшүнө салым кошууну каалаган жаран өзүнүн короосунан эле баштаса болот. Сиз дагы кайдыгер карабай, инфраструктуралык көйгөйлөрдү көтөрүп, «Активдүү жаранга» жарыялаңыз. Кантип?

Жол-жобосу бул шилтемеде

Пикирлер модератордун текшерүүсүнөн кийин жарыяланат
Для добавления комментария авторизуйтесь