Мурунду жарган жагымсыз жыт аралдыктарды кыйнады

Сузак району | 13:32, 30-март 2021 | Кароолор: 1 163Аткарыла элек

Сузак районуна караштуу Таш-Булак айыл аймагынын Арал айылынын чети таштандыга толду. Айыл четиндеги таштандыдан чыккан жыт күн ысыгандан тарта айылды каптайт. Ошол таштандыга толгон жайдын четинде жашаган жашоочулар эле убай тартмай болдук.

Таштанды таштоонун да тартиби болушу керек. Дезинфекциялоо деги болгон эмес. Айыл чети таштанды үчүн деле берилген эмес. Эл өз алдынча таштанды таштап отуруп, үйүлүп баратат.

Таштанды таштаба деп коруган менен кыйкырып, сүйлөнүп калгандан башкага абалым келген жок. Айыл өкмөткө деле айтылды, азырынча эч кандай реакция деле болбой жатат.

Таштандыга иттер келет, ары-бери секирген чычкандарды айтпай эле коёюн. Жаш балдар таштанды жакка басып кетпесин деп тынбай карап турабыз. Кандайдыр бир оору чыгып кетпес бекен деп кооптонот экенсиң.

Пикирлер модератордун текшерүүсүнөн кийин жарыяланат
Для добавления комментария авторизуйтесь