Шагыл ташыгандар көпүрөнү чөктүрө турган болушту

Сузак району | 13:37, 30-март 2021 | Кароолор: 747Аткарыла элек

Сузак районунда Ынтымак айылындагы Көк-Арт дарыясындагы көпүрө менен район элинин көпчүлүгү каттайт. Бул көпүрө 7 тоннага чейин жүк көтөрө алат.

Бул көпүрөнүн жүк көтөрүмдүүлүгү боюнча бет маңдайда жазылып турат. Бир жан маани бербейт. Сайдан шагыл, кум ташыгандар, оор жүк ташуучу унаалар 7 тоннага гана ылайыкталган көпүрөнү жок кылмай болушту. Ансыз деле көпүрөнүн 3 жери чөгүп кетти. Эки оор жүк ташуучу унаа карама-каршы тилкеде бири-бирин күтпөй да өтө беришет. Кокустан ошол көпүрө куласа, адам соо калбайт.

Пикирлер модератордун текшерүүсүнөн кийин жарыяланат
Для добавления комментария авторизуйтесь