Көк-Арт дарыясынын жээги таштандыга толду

Сузак району | 13:38, 30-март 2021 | Кароолор: 342Аткарыла элек

Көк-Арт дарыясынын жээгин караган пенде жок. Суу жээгине таштанды таштаган адамдарды мыйзам алдында жоопкерчиликке тартуу жактарын да кароо керекпи деп ойлойм. Антпесе табиятка кыянатчылык мамиле кылгандар көбөйдү.

Таштанды таштагандар жеке кызыкчылыгын гана ойлоп жатат, үйүнөн чыккан таштандыдан арылса болду. Суудан төмөнкү тараптагы элдин саламаттыгын ойлоп да коюшкан жок.

Өзгөчө балдардын памперстери толуп кеткен. Суу жээгиндеги баш аламан таштандыга деги көнүл бөлчүлөр барбы?

Пикирлер модератордун текшерүүсүнөн кийин жарыяланат
Для добавления комментария авторизуйтесь