- Баш барак /
- Жалал-Абад /
- Жалал-Абад шаары
Паркка эс алганы келип, жүрөгүң айланат
Биз Жалал-Абад шаарынын Спутник кичи шаарчасында жашайбыз. Биз жашаган үйдүн жанында Нооруз эс алуу багы жайгашкан. Бирок ал жердеги тазалык зээнди кейитет.
Акыркы жолу бул жай качан тазаланганын эч ким билбейт. Кээде балдарды бир аз ойнотуп келели деп паркка алып кирсек, эс алуунун ордуна жүрөгүбүз айланып чыгабыз.
Шаардын тазалык мекемеси бул жерди көз жаздымда калтырып койгондой. Ичиндеги отургучтары да сынып, талкаланган.
Бул эс алуу багы качан тазаланат? Качан жакшы шарттар түзүлөт?
Учурда окулууда
АКШ Украинага 2 млрд 175 млн долларлык курал-жарак жөнөтөт. Тизме
Окуп жаткандар: 9
Башкы прокуратуранын кызматкери Уланбек Амиров каза болду
Окуп жаткандар: 8