Паркка эс алганы келип, жүрөгүң айланат

Жалал-Абад шаары | 18:00, 30-март 2021 | Кароолор: 850Аткарыла элек

Биз Жалал-Абад шаарынын Спутник кичи шаарчасында жашайбыз. Биз жашаган үйдүн жанында Нооруз эс алуу багы жайгашкан. Бирок ал жердеги тазалык зээнди кейитет.

Акыркы жолу бул жай качан тазаланганын эч ким билбейт. Кээде балдарды бир аз ойнотуп келели деп паркка алып кирсек, эс алуунун ордуна жүрөгүбүз айланып чыгабыз.

Шаардын тазалык мекемеси бул жерди көз жаздымда калтырып койгондой. Ичиндеги отургучтары да сынып, талкаланган.

Бул эс алуу багы качан тазаланат? Качан жакшы шарттар түзүлөт?

Пикирлер модератордун текшерүүсүнөн кийин жарыяланат
Для добавления комментария авторизуйтесь