Жаңыдан курулган тротуарды талкалашты

Ош шаары | 09:44, 31-март 2021 | Кароолор: 273Аткарыла элек

Ош шаарындагы Н.Исанов көчөсүндө тротуарды оор жүк ташуучу унаалар талкалады. "КамАЗдар" топурак ташып өтүп, таманташтарды бузушкан.

Тротуар эки жыл мурда курулган болчу. Азыр таман таштардын эки четиндеги цементтер талкаланып, чөп басып кетти.

Тикен чөптөр өсүп, тротуарды тосуп турат. Аны иреттеген адам жок.

Пикирлер модератордун текшерүүсүнөн кийин жарыяланат
Для добавления комментария авторизуйтесь