Чек араны коргоочулардын чек арасы бекем эмес: Расмий жооп

Ош шаары | 18:01, 31-март 2021 | Кароолор: 561

Көйгөй: «Активдүү жаран»: Чек араны коргоочулардын чек арасы бекем эмес

УКМКнын Чек ара кызматы ведомствонун көйгөйлөрүнө кайдыгер эместиги үчүн  «Активдүү жаранга» ыраазычылык билдирет. Ошону менен бирге Ош шаарындагы Аскер кызматчыларынын квалификациясын жогорулатуу жана кайра даярдоо борборунун аймагында жыл сайын оңдоп-түзөө иштери жүрүп келгенин маалымдайт.

Аскер кызматкерлерин жана алардын үй-бүлөлөрүн турак жай менен камсыз кылуу максатында 2020-жылдын күзүнөн тарта сүрөттөрдө көрсөтүлгөн тосмо дубалдардын аймагында көп кабаттуу үйдүн курулушуна байланыштуу маселелер каралып жатат. Жаңы курулчу үйлөрдүн макамы ачык шаарча боло тургандыктан бул тосмо дубалды бузуу пландаштырылган.

Бардык шарты түзүлгөн заманбап комплекстердин жаңы курулуштары, өткөрүү пункттарынын реконструкциясы жана курулушу, аларды эл аралык талаптарга жооп бергидей кылып камсыздоо сыяктуу чек ара тарамдарынын инфраструктурасын жакшыртууга Чек ара кызматы өзгөчө көңүл бурууда. 

2010-2020-жылдар аралыгында мамлекеттик чек арада чек ара инфраструктурасынын 45 объектиси курулган. Алардын арасында толугу менен жабдууланган чек ара комплекстери, чек ара заставалары, посттор, ошондой эле УКМКнын Чек ара кызматынын аскер кызматчылары үчүн үйлөр жана жатаканалар бар. Мамлекеттик чек арадагы 5 өткөрүү пункттарынын реконструкциясы жана модернизациясы жүргүзүлдү.

Чек ара кызматы балансында турган объектилердин капиталдык курулуштары жана реконструкциясы боюнча аткарылып жаткан иштер этаптуу жүргүзүлүүдө. Бирок өзгөчө көңүл мамлекеттик чек арада жайгашкан аскер объектилерине бурулууда.

Пикирлер модератордун текшерүүсүнөн кийин жарыяланат
Для добавления комментария авторизуйтесь