Карагайы качырап, зымдары тийишип жатат

Ак-Талинский район | 19:40, 31 марта 2021 | Просмотров: 1 156Не выполнено

На данную новость получен ответ: Ажы-Сарай чөлкөмүндөгү электр көйгөйү: Мамы түздөлүп, аба чубалгы керилди

Ак-Талаа районунун Кара-Бүргөн айылындагы Ажы-Сарай чөлкөмүндө электр мамы кыйшайып, зымдары жерге салаңдап турат. Трансформаторунун ичинде эч нерсеси деле калган жок.

Бул жерде 3 түтүн үй-бүлө жашайбыз. Шамал болгон сайын жүрөгүбүз түшөт. Карагай качырап, электр зымдары бири-бирине тийишип, электр тогунун чыңалуусу пайда болот. 

Карагайды түздөп, зымдарын керип койгулачы деп канча жылдан бери какшап айтып жүрөбүз. Жасап койгон жан жок. Бир күнү зымдары үзүлүп кетип, адам өмүрүнө коркунуч жаралса, ким жооп берет? Бул жерден ары-бери каттаган адамдардын саны үзүлбөйт. Оңдоп берип коюшса болот эле...

Комментарии будут опубликованы после проверки модератором
Для добавления комментария авторизуйтесь