- Баш барак /
- Чүй /
- Токмок шаары
Токмоктогу мунай зат чыгарган ишкананын жанындагы тургундардын көйгөйү
Чүй облусунун Токмок шаарынын Железнодорожный көчөсүнүн жашоочулары жаныбыздагы мунай зат чыгарган ишканага нааразыбыз. Ыраматылык квартал башчыбыз жардам берилет деп кол койдуруп кеткен. Бул К.Бакиевдин убагында салынган.
Биз сураштырсак мындай база турак үйлөргө жакын салынбашы керек экен. Күндө бензин жыттанып турат. Алма-өрүк өспөй, өлүп калды. Андан ары жагында жүн тытып, жүн жууган өндүрүш ишканасы бар. Алар дагы түнү менен резинаны отко жагып чыгышат. Экология абдан булганууда.
Бензин жыттанганда башыбыз ооруйт. Эркектердин импотенциясы башталды жана көп эле балдар оорукчан болуп төрөлүп жатышат. Буга мамлекеттин дагы алы жетпейт окшойт.
Жергиликтүү тургун
Учурда окулууда
Өзгөндө жол талаштан улам айдоочу өлтүрүлгөн: Шектүү колго түштү
Окуп жаткандар: 17
Кыш чилдеси качан түшүп, качан чыгат?
Окуп жаткандар: 16
26-январга карата аба ырайы
Окуп жаткандар: 11
№13 округдагы кайра шайлоо: 20 адам талапкерлигин көрсөттү
Окуп жаткандар: 7