Токмоктогу мунай зат чыгарган ишкананын жанындагы тургундардын көйгөйү

Токмок шаары | 22:02, 31-март 2021 | Кароолор: 324Аткарыла элек

Чүй облусунун Токмок шаарынын Железнодорожный көчөсүнүн жашоочулары жаныбыздагы мунай зат чыгарган ишканага нааразыбыз. Ыраматылык квартал башчыбыз жардам берилет деп кол койдуруп кеткен. Бул К.Бакиевдин убагында салынган.

Биз сураштырсак мындай база турак үйлөргө жакын салынбашы керек экен. Күндө бензин жыттанып турат. Алма-өрүк өспөй, өлүп калды. Андан ары жагында жүн тытып, жүн жууган өндүрүш ишканасы бар. Алар дагы түнү менен резинаны отко жагып чыгышат. Экология абдан булганууда.

Бензин жыттанганда башыбыз ооруйт. Эркектердин импотенциясы башталды жана көп эле балдар оорукчан болуп төрөлүп жатышат. Буга мамлекеттин дагы алы жетпейт окшойт.

Жергиликтүү тургун

Пикирлер модератордун текшерүүсүнөн кийин жарыяланат
Для добавления комментария авторизуйтесь