Көчөгө шифер төшөп койгондой

Талас району | 22:25, 31-март 2021 | Кароолор: 228Аткарыла элек

Мен Талас районунун Козукчак айылынын тургунумун. Күн сайын Талас шаарына келип иштейм. Мындан бир нече жыл мурун жолдо асфальт жок, акыбал мышык ыйлай тургандай болчу. Багыбызга жолубуз оңдолду.

Бирок Талас шаарына кире бериш жеринде 1 км жерге шифер төшөп койгондой. Кичине жерден эле автоунааны аяп, көп убакытта өтөбүз. Бизге ушул маселени чечип беришсе жакшы болот эле.

Пикирлер модератордун текшерүүсүнөн кийин жарыяланат
Для добавления комментария авторизуйтесь