Көпүрөгө муктаж Түптөгү айыл

Түп району | 12:56, 1-апрель 2021 | Кароолор: 1 425Аткарыла элек

Саламатсыздарбы! Ысык-Көл облусунун Түп районуна караштуу Талды-Суу айыл өкмөтүнө тиешелүү кайрак жана сугат жерлерди иштетүүдө жалпы элдин бирден-бир көйгөйү — талаада көпүрөлөрдүн жоктугу. Жаз башталгандан кыш келгенге чейин техникалар айылдын ичи аркылуу өтүшөт. Тактап айтканда, бир трактор же комбайн талаада көпүрөлөрдүн жоктугунан 3,5 чакырымдан 6 чакырымга чейинки жолду басып өтүп, кайра экинчи дыйкандын жерин айдап берет.

8-10 көпүрө курулса, биринчиден дыйкандардын көптөн күткөн көйгөйү чечилип, экинчиден убакыттан жеңет эле. Ошондой эле дыйкандардын түшүмүн жыйноо иштерин убагында бүткөрүүгө чоң жардам болот эле.

Пикирлер модератордун текшерүүсүнөн кийин жарыяланат