Орловкадагы сулуулук салондо иштеген айымдардын кайрылуусу

Кемин району | 13:21, 1-апрель 2021 | Кароолор: 1 316Аткарыла элек

Орловкадагы сулуулук салонунда иштеген кыз-келиндердин атынан жазып жатам. Биздин көйгөй Социалдык фонд, салык, патент тууралуу.

Биздин салыкты «ОсОО Алтынкен» ишканасында иштеген адамдардын айлыгына такап, бизге да ошондой баа менен чыгарып беришкен экен. 1850 сом соцфонд, 450 сомго патент алат экенбиз. Экөөнү кошкондо 2300 сом болот. Бул акчаны айрым гана сулуулук салонунда иштеген мастерлер төлөбөсө, көпчүлүгү төлөй албайт. Анткени Бишкек шаарындагыдай бизде кардарлар көп эмес. Биз мамлекет же кандайдыр бир ишкана менен иштешпейбиз. Биз элге көз карандыбыз. Күнүнө эӊ жакшы дегенде 5 адам келбесе, 1-2 гана кардарыбыз болот. Ижара акысы, суу, электр жарыгы, тамак-ашыбызга эле бир топ акча кетет.

Мындан сырткары керектүү жабдык, материалдарды алабыз. Алар дагы кымбаттап кеткен. Өзүнүн жанын өзү эптеп багып жаткан элдин жонунан кайыш тилгендей болуп жатат. Кокус ооруп калсак, бизге мамлекет акча төлөп бербейт. Өзүбүздүн акчабызга дарыланабыз. Ошол ооруп калган күндөрү иштебей, кирешебиз токтоп калат.

Касиет Ишенбаева, Чүй облусунун Кемин районуна караштуу Орловка шаарынын тургуну

Пикирлер модератордун текшерүүсүнөн кийин жарыяланат
Для добавления комментария авторизуйтесь