Жетим баладай элебиз

Талас шаары | 00:00, 1-апрель 2021 | Кароолор: 343Аткарыла элек

Талас шаарындагы №105 көп кабаттуу үйдө жылуулук системасы кышы менен иштеген жок. Мен биринчи кабатта жашагандыктан кышы бою электр энергиясын колдонуп, түндө техникалык коопсуздукту сактоо үчүн аны өчүрүп коёбуз. Эртең менен үйдүн суугунан улам оозубуздан буу чыгат.

Кышы менен ушундай абалда жашадык. Бардык үйдө жылуулук бар, биз жетим баладайбыз. Быйыл жайында техникалык кароо болгондо,ибиздин үйдүн жылытуу системасын мэриянын балансындагы жылуулук ишканасына туташтырып беришсе, жакшы болот эле.

Пикирлер модератордун текшерүүсүнөн кийин жарыяланат
Для добавления комментария авторизуйтесь