Кара-Бүргөндөгү кыйшайган карагайлар түздөлдү

Ак-Талаа району | 16:54, 1-апрель 2021 | Кароолор: 1 386Аткарылды

Көйгөй: Эки электр мамысы кыйшайып, элге коркунуч жаратууда

Нарын облусунун Ак-Талаа районунун Кара-Бүргөн айылындагы Тутун Калчабаев көчөсүндө жайгашкан №17 үйдүн тилкесиндеги 2 электр мамысы кыйшайып калганын жергиликтүү тургун «Активдүү жаранга» билдирген. Аталган көчөдө 2 карагай кыйшайып, кооптуу абал жаратып жатканын февраль айында айткан.

«Тутун Калчабаев көчөсүндөгү №17 үйдүн тилкесиндеги 2 электр мамысы кыйшайып, жыгылып калчудай болуп кооптондуруп турат. Бул боюнча райондук электр тармагы ишканасына кайрылганыбызга 1 жыл болду. Жетекчиси өткөн жылы жаз мезгилинде эле түздөйбүз деген. Ошол боюнча дайын жок.

Жыгылайын деп калган 2 карагай тең менин үйүмдүн жанында. Андан ары жакта турган карагайды кошуналар менен бирге түздөгөнбүз. Түбү сынып калган. Бул карагайларды түздөйлү десек түбү сынып калчудай. Кайрылганыбызга 1 жылдан ашты. Келип түздөп коюшпайбы», - деген жергиликтүү жашоочу.

Ак-Талаа райондук электр тармагы ишканасынын Баетов бөлүмчөсүнүн башчысы Мирлан Акматов аталган карагай түздөлгөнүн билдирди.

«Кара-Бүргөн айылына келип, Т.Калчабаев көчөсүндөгү 2 электр мамысын түздөдүк. Жыгылып калгыдай деле эмес экен. Бир аз гана кыйшайып калыптыр», - деди М.Акматов.

Пикирлер модератордун текшерүүсүнөн кийин жарыяланат
Для добавления комментария авторизуйтесь