Ажы-Сарай чөлкөмүндөгү электр көйгөйү: Мамы түздөлүп, аба чубалгы керилди

Ак-Талаа району | 17:13, 1-апрель 2021 | Кароолор: 1 827Аткарылды

Көйгөй: Карагайы качырап, зымдары тийишип жатат

Нарын облусунун Ак-Талаа районунун Кара-Бүргөн айылындагы Ажы-Сарай чөлкөмүндөгү электр мамы кыйшайып, зымдары жерге салаңдап турганын жергиликтүү тургун «Активдүү жаранга» билдирген. Анын айтымында, аталган чөлкөмдө жайгашкан сарайдын жанындагы электр мамы кыйшайып, аба чубалгысы салаңдап, кооптуу абал жаратып турат.

«Бул жерде 3 түтүн үй-бүлө жашайбыз. Шамал болгон сайын жүрөгүбүз түшөт. Карагай кычырап, электр зымдары бири-бирине тийишип, электр тогунун чыңалуусу пайда болот. Карагайды түздөп, зымдарын керип койгулачы деп канча жылдан бери какшап айтып жүрөбүз. Жасап койгон жан жок. Бир күнү зымдары үзүлүп кетип, адам өмүрүнө коркунуч жаралса, ким жооп берет? Бул жерден ары-бери каттаган адамдардын саны үзүлбөйт. Оңдоп берип коюшса болот эле», - деген активдүү жаран.

Райондук электр тармактар ишканасынын Баетов бөлүмчөсүнүн башчысы Мирлан Акматов кыйшайган карагай түздөлгөнүн айтты.

«Биз Кара-Бүргөн айылында жүрөбүз. Ажы-Сарайдагы электр мамыны түздөп, жанындагы сарайга тарттырып койдук. Анткени, электр мамынын кошумча тирөөчү эчак эле кулап, жок болуп кеткен. Тиретиш үчүн карагай табуу зарыл. Салаңдап турган аба чубалгысы керилди. Ошондой эле трансформаторго автомат аппаратын койдук. Бери дегенде 15 миң сомдой каражат сарпталды.

Мындай кыйшайып калган мамылар көп. Ар бир айылда бар. Булар тээ союз учурунда коюлган, эскилиги жеткен. Ушундай маселелер биздин планда көрсөтүлгөн иштерге тоскоолдук кылып жатат. Мындай билдирүүлөрдү жазардан мурун бизге дагы бир ооз кайрылып коюп турсаңар», - деди ал.

Пикирлер модератордун текшерүүсүнөн кийин жарыяланат
Для добавления комментария авторизуйтесь