Таштанды таштаган урнабыз жок

Жалал-Абад шаары | 11:59, 2-апрель 2021 | Кароолор: 730Аткарыла элек

Биз Жалал-Абад шаарынын Көк-Арт кичи шаарчасындагы №37 үйдө жашайбыз. Биздин үйдүн алдында 3 даана таштанды таштоочу урна бар. Бирок алардын баары сынык, үйдөн алып чыккан таштандыны кайда таштай турганыңды билбей каласың.

Пушкиндин жомогундагы түбү тешик чарабыз да жок. Буга чейин калаадагы муниципалдык "Тазалык" ишканасына бир нече жолу урнаны жаңылап берүү бонча кайрылдык, бирок жооп жок. Мындагы короодо биздин балдар ойношот, алардын ден соолугуна кооптонобуз.

Пикирлер модератордун текшерүүсүнөн кийин жарыяланат
Для добавления комментария авторизуйтесь