Трансформатор менин үйүмдүн жанында мыйзамсыз турат

Ат-Башы району | 04:18, 2-апрель 2021 | Кароолор: 631Аткарыла элек

Ат-Башы районуна караштуу Ат-Башы айылындагы Ак-Өргө конушунун тургуну Нурзат Абдыкеева:

«Трансформатор биздин үйдүн жанында мыйзамсыз турат. Үйдөн 6-7 метр алыста жайгашкан. Үнү үйгө чейин угулат. Балдарыма сарсанаа болом. Жазында чагылган түшкөндө жарылат. Буга чейин үч жолу санарип алдык. Бир жолу сыналгыбыз күйүп кетти. Трансформатордун тегерек чети тосулган эмес. Түн ичинде уктай албайм. Оозу ачылып тургандыктан жыгач тиретип коёбуз.

Айыл өкмөт башчы РЭСтин кызматкерлери келсе көрсөтүп берем деген. Которгонго жер жок деп койду. Биздин үйдүн жанында 1 орун бош, эч кимге тиешеси жок. Зыяны дагы болмок эмес.

Жер чийип берген байке кийин алынат, мыйзамдуу эмес деп жатышат. Көбү бул мыйзамсыз деп айтышат. Мыйзам чегинде иштеген адамдар барбы? Кимден жардам алаарымды билбей калдым. Эч ким жоопкерчиликти мойнуна албайт.

Пикирлер модератордун текшерүүсүнөн кийин жарыяланат
Для добавления комментария авторизуйтесь