Эгиз кыздуу жалгыз бой энемин. Жардам беришер бекен?

Ак-Талинский район | 17:52, 2 апреля 2021 | Просмотров: 1 567Не выполнено

Мен Ак-Талаа районунун Баетов айылында жашаган жалгыз бой энемин. 5 балам бар. Балдарыма 4 800 сом жөлөк пул алам. Өзүм "Тынчтык" бала бакчасында кир жууп иштейм. Алган айлыгым 3 200 сом. Эгиз кыздарым бар. Экөө тең аз кандуулук боюнча ооруканада каттоодо турат. Жолдошум менен ажырашкам. Андан эч кандай жардам, алтургай алимент дагы албайм. 

Ажырашкандан бери апамдын үйүндө жашайм. Апам дагы жалгыз бой эне. Үйдө 1-топтогу майып кызды багат. Өзү кант диабети менен ооруйт. 

Балдарыма алган жөлөк пул, бала бакчада алган айлыгым азык-түлүгүбүздөн ашпайт. Кыздарымдын дарысына акча жетпейт. Алар мектепте окушат. Окуу куралдары, кийим-кечелерин карыздап алып берем.  

Балдарым менен туруктуу жашаганга жеке менчик үйүм жок болгондуктан кыйналган жашоодо күн кечирип келем. Биздей үй-бүлөлөргө көңүл бурулабы?

Гүлзада Акматбекова, Баетов айылынын тургуну

Комментарии будут опубликованы после проверки модератором
Для добавления комментария авторизуйтесь