Балдарыбыз ырылдап шамал үйлөгөн мектепте окуйт, мектеп басып калса ким жооп берет?

Нарын району | 13:24, 3-апрель 2021 | Кароолор: 1 551Аткарыла элек

Нарын районундагы Кара-Кужур айыл өкмөтүнө караштуу​ Жер-Көчкү айылындагы Баймонол Кыязов атындагы орто мектеби авариялык абалда. Балдарыбыздан коркобуз, басып калса ким жооп берет?

Окуучулар окуп жатканда дубалдан кум куюлуп түшөт экен. Пайдубалы да ажырап кеткен. Кулап кеткени турат. Класска ырылдап шамал үйлөйт. 

Пикирлер модератордун текшерүүсүнөн кийин жарыяланат