Оттук айылынын эли сугат сууга зар

Нарын району | 04:20, 3-апрель 2021 | Кароолор: 1 237Аткарыла элек

Мен Таалай, Нарын районуна караштуу Оттук айылында жашайм. Бизде суу каналдары эски болуп, латоктору жарактан чыккандыктан эл сугат сууга зар.

Он-Арча айыл аймагынын​ Оттук айылындагы​ Байдулуу каналы мындан 50 жыл мурун курулуп, эскилиги жеткен. Ал каналдын узундугу дээрлик 20 км аралыкты түзөт. Мындан сырткары латоктор дагы жарактан чыгып калган. Учурда айыл эли сугат сууга зар.​

Пикирлер модератордун текшерүүсүнөн кийин жарыяланат
Для добавления комментария авторизуйтесь