Баш-Кайыңды айылындагы клуб авариялык абалга келип калды

Ат-Башы району | 13:55, 3-апрель 2021 | Кароолор: 959Аткарыла элек

Атым Шатман, Ат-Башы районуна караштуу Баш-Кайыңды айылынын тургуну болом.

Биздин айылдык клуб азыр жаман абалда. Ичи кир, үстү түшкөнү калган, желе баскан, ичи бүт көгүчкөндөрдүн богуна толгон. Мен кечээ айыл өкмөткө барсам, акча бөлүнбөй жатат деди. Мурда оңдолу бүткөн, бирок үстү бүтпөй калган.

Шыптын тактайлары чирип, түшүп калыптыр. Кичине кыйкырып койсоң эле кулап калчудай. Клубду бир карап, оңдоп-түзөө иштерин жүргүзүшсө жакшы болмок.

Пикирлер модератордун текшерүүсүнөн кийин жарыяланат