Нарын шаарынын тез жардам​ кызматы көчүп-конуп жүрөт

Нарын шаары | 16:04, 4-апрель 2021 | Кароолор: 1 061Аткарыла элек

Нарын шаардык медициналык тез жардам кызматынын имараты жок. Мурда облустук оорукананын курамында болчу. Эгемендүүлүктү алганда реформа жасап, Нарын облустук​ үй-бүлөлүк дарыгерлер тобуна карап, имаратсыз калган.

Ошол учурда оорукананын имараттарын да элге берип, менчиктештирип ийишкен. Ушул жылга чейин Нарындын тез жардам​ бөлүмү 23 жолу​ көчүптүр.​ Аларда чоң эмеректер бар, талкаланып жатат. Убакытты да алат.

2018-жылы жазында​ Жогорку Кеңештин спикери көрүп, акча бөлүп беребиз деген экен. Убада аткарылган жок. Тез жардам бөлүмү эл үчүн иштеп жаткандан кийин карап коюшса жакшы болмок.

Пикирлер модератордун текшерүүсүнөн кийин жарыяланат
Для добавления комментария авторизуйтесь