Кара-Кулжа—Алайкуу жолу жабылып турат

Кара-Кулжа району | 19:39, 4-апрель 2021 | Кароолор: 1 917Аткарыла элек

Ош облусунун Кара-Кулжа районундагы Алайкуу өрөөнүнө кетүүчү жолдор бир жумадан бери жамгыр аралаш кар жаагандын кесепетинен жабылып калды. Ага тоо боорунан өткөн жолго тоодон кулап түшкөн таш себеп болгон.

Буга чейин жергиликтүү тургундар таш куласа же кар көчкү жүрсө, өздөрү тазалап өтүп кете берчү. Бул жолкусунда өтө чоң таш түшкөн. Жолду  чоң техниканын жардамы менен гана тазалаш керек болуп турат. Алайкуу өрөөнүндөгү айылдардын тургундары кыш, жаз айларында жол азабын тартып келет. Качан бизге коопсуз жол курулат?

Пикирлер модератордун текшерүүсүнөн кийин жарыяланат
Для добавления комментария авторизуйтесь