Кара-Кулжа—Алайкуу жолу жабылып турат
Ош облусунун Кара-Кулжа районундагы Алайкуу өрөөнүнө кетүүчү жолдор бир жумадан бери жамгыр аралаш кар жаагандын кесепетинен жабылып калды. Ага тоо боорунан өткөн жолго тоодон кулап түшкөн таш себеп болгон.
Буга чейин жергиликтүү тургундар таш куласа же кар көчкү жүрсө, өздөрү тазалап өтүп кете берчү. Бул жолкусунда өтө чоң таш түшкөн. Жолду чоң техниканын жардамы менен гана тазалаш керек болуп турат. Алайкуу өрөөнүндөгү айылдардын тургундары кыш, жаз айларында жол азабын тартып келет. Качан бизге коопсуз жол курулат?
Учурда окулууда
Ош шаарында жаңы жылдык балаты салтанаттуу түрдө жандырылды
Окуп жаткандар: 2
Бишкектеги кафеге барган 3 кыз милициянын колуна түштү
Окуп жаткандар: 2
Германияда билим алган Нурислам немистердин кайсы адатына таң калган?
Окуп жаткандар: 2
Бишкектеги №66 электробустун акыркы аялдамасы өзгөрдү
Окуп жаткандар: 2