100 миңдеген адам суу ичкен Нарын дарыясына таштандылар төгүлүүдө

Таш-Көмүр шаары | 20:23, 4-апрель 2021 | Кароолор: 1 036Аткарыла элек

Шамалды-Сай шаарчасы Нарын дарыясынын жээгинде жайгашкан шаарча. Тилекке каршы дарыянын жээгине жергиликтүү жашоочулар таштандыларды баш аламан таштап кетишет. Атайын тактайча орнотуп, “таштанды таштоого тыюу салынат, айып пул салынат” деген жазууга да баш ийбей, ыргытып кетишет.

Шаарчада катуу шамал болгондо жерде жаткан таштандылар сапырылып, Нарын дарыясына түшөт. Ал дарыядан 100 миңдеген адам суу ичет.  

Пикирлер модератордун текшерүүсүнөн кийин жарыяланат