- Баш барак /
- Чүй /
- Сокулук району
Поле Чудестеги тургундар коомдук транспортко зар
Чүй облусунун Сокулук районуна караштуу Новопавловка айыл аймагынын Алтын-Ордо айылындагы көчөлөргө №219 машруттук каттам жүрүп турчу. Азыр ал каттам келбей, жумушка баргандар жана мектеп окуучулары абдан кыйналып жатат. Өзгөчө жаз жана күз мезгилинде көчөлөрдүн ылай болгону абдан жүдөтөт.
№199 кичи автобус менен барабыз. Бирок ал Алтын-Ордо конушунан келгендиктен, ал жактан эле толуп чыгат. 2-3 унааны өткөрүп, төртүнчүсүнө араӊ батып кетебиз.
Дагы бир жерде №164 каттам жүрөт. Бирок ал аркылуу №42 орто мектепте окуган окуучулар бара албайт. Бишкек шаарына жумушка же окууга баргандар ушул №164 кичи автобус менен барабыз. Бирок алар турган жер дагы абдан ылай. Бутубуз баткак болуп, жүдөп жүрөбүз. Жолдорубузду оӊдоп, каттамдарды ыӊгайлуу, баарына жеткиликтүү кылып уюштуруп беришсе.
Алмаш, жергиликтүү тургун