Нарын шаарындагы мектеп директору декреттеги мугалимди бошотуп жиберген

Нарын шаары | 11:05, 5-апрель 2021 | Кароолор: 1 803Аткарыла элек

Нарын шаарындагы Токтогул орто мектебинин жамааты адилеттүүлүк издеп, кайрылуу жазып жатабыз. Биз Нарын шаарынын бардык жергиликтүү бийликтерине кайрылдык, эч натыйжа чыкпады.

Мектеп директору декреттеги мугалимди бошотууга акысы барбы?... Башталгыч класстын мугалимин бошоткон, ошол эле учурда инклюзивдик билим берүү боюнча жаңы адис алган. Ал мугалим арызданган учурда кайрадан жумушка алып, 0,25 ийрим берген. Анын акысы 1700 сом. Ал акчага үй-бүлө багууга болобу?

Ошол эле учурда эмгек акы төлөнбөгөн өргүүдө жүргөн мугалимдин саатын толук саат менен иштеп жаткан мугалимге берген. Ошол сааттарды 1700 сом алган мугалимге берип койсо болот беле?

Пикирлер модератордун текшерүүсүнөн кийин жарыяланат
Для добавления комментария авторизуйтесь