Таштанды аралап, ылай жол менен мектепти көздөй кеткен Нурманбет айылындагы окуучулар

Ысык-Ата району | 10:30, 6-апрель 2021 | Кароолор: 787Аткарыла элек



Ысык-Ата районунун Нурманбет айылындагы Дачадагы окуучулардын арманы көп. Жөө жалаӊдап 3-4 чакырым жолду басып, мектепке барышат. Бул көчөдөн чоӊ жүк ташуучу унаалар тынбай өтүп турат. Себеби, бул жерде карьер бар. Жолдун абалы өтө начар. Ылай.

Окуучулар эртеӊ менен эрте саат 7:00дө чыгып, мектепге саат 8:30да жетишет. Мектепке жеткенде мугалимдер «эмнеге баткак бут кийим менен келдиӊер?» деп урушуп, бут кийимин тазалатышат. Кичи автобус жүрсө жакшы болмок.

Интернационал айылы менен Дачанын ортосундагы таштанды жай дагы ушул жолдун жээгинде жайгашкан. Окуучулар ушуларды да аралап өтүшөт. Арасында өлгөн ит, мышыктар болот. Эртеӊ менен чөөлөр көп болот. Балдарыбыз коркушат.


Пикирлер модератордун текшерүүсүнөн кийин жарыяланат
Для добавления комментария авторизуйтесь