- Баш барак /
- Нарын /
- Ат-Башы району
Ат-Башыда анализдер туура эмес чыгып жатат
Өткөндө бөйрөгүм ооруп, аймактык оорукананын лабораториясына ОАК (заара) тапшырдым. Жакшы деп чыгарды.
Андан кийин 5 айлык баламдын канын текшерттим. Башка анализди колума карматып кетирип койду. Мен деле аны карабай, дарыгерге алып барып көрсөттүм. Ал башка адамдыкын бериптир, бул кыз биздин бөлүмдө жатат деди. Кайра барып, баламдын анализин сурадым.
Көрсө, баламдын анализине тиги кыздын аты-жөнүн жазып берип, мага карматыптыр. Эң жөнөкөй мисалдар ушул. Анан кантип ишенебиз?
Ат-Башы лабораториясын бир карап коюшса. Ал жакта иштеген кызматкерлердин бейтаптарга кылган мамилесин карап коюшса жакшы болмок.
Учурда окулууда
Кыш чилдеси качан түшүп, качан чыгат?
Окуп жаткандар: 23
Бишкек—Ош жолунда бензин ташуучу унаанын өрттөнүп, эки адам каза болду
Окуп жаткандар: 10
Өзгөндө жол талаштан улам айдоочу өлтүрүлгөн: Шектүү колго түштү
Окуп жаткандар: 8