«Активдүү жаран»: Каракол дүмүрлөрдүн шаарына айланып баратат

Каракол шаары | 18:17, 6-апрель 2021 | Кароолор: 3 421Аткарыла элек

Каракол шаарынын 150 жылдык тарыхы бар. Убагында кайыңдардын шаары, жашыл шаар болгон. Учурда ошол кайыңдардын дүмүрү гана калды.

Жыл сайын «Тазалык» ишканасы, шаардык мүлктү башкаруу департаменти бир нече бакты кыят. Алардын керектүүсүн курулуш материалына сатып, калганы отун катары колдонулат. Бирок дүмүр экөөнө тең жарабагандыктан калтырып кете беришет. Аны айласы кеткен тургундар өрттөп коюшат. Ал толук күйбөй, бомба түшкөн жердин элесин берип турат.

Ар бир жаран өзү жашаган көчөдөгү, айыл же райондогу ар кандай инфраструктуралык көйгөйдү ачыкка чыгарып, сүрөттөр жана видео түрүндө жарыялай алат. Бул жол, жарыктандыруу, таза суу көйгөйлөрү же мамлекеттик кызматтардын кайдыгерлиги менен байланыштуу болушу мүмкүн.

Өлкөнүн өнүгүшүнө салым кошууну каалаган жаран өзүнүн короосунан эле баштаса болот. Сиз дагы кайдыгер карабай, инфраструктуралык көйгөйлөрдү көтөрүп, «Активдүү жаранга» жарыялаңыз. Кантип?

Жол-жобосу бул шилтемеде

Пикирлер модератордун текшерүүсүнөн кийин жарыяланат
Для добавления комментария авторизуйтесь