Ак-Тилектеги 30 жылдан берки жол маселеси

Балыкчы шаары | 11:41, 6-апрель 2021 | Кароолор: 1 485Аткарыла элек

Бишкек шаарынын Свердлов районуна караштуу Ак-Тилек жаңы конушунда турганыбызга 30 жылдын жүзү болду. Биздеги эң курч көйгөйдүн бири — жол маселеси.

Жолдорду жашоочулар өздөрү эптеп оңдоп келишкен. Былтыркы жылы канализация киргизип, ошол бойдон жол каралган эмес. Жашоочулар өздөрүнүн күчү менен оңдомуш болушкан. Бирок тилекке каршы ал жолубуз бир мезгилге да туруштук бере албай, эзилип, кайра адам баспагыдай болуп калды.

Азыр Ак-Тилектин башкы көчөсүнөн асфальттаганга даярдык көрүлүүдө. Ошону бир аз чоюп, Дзержинский көчөсүнөн Жерге-Тал көчөсүнө чейин айлантып, Элебесов көчөсүнө чыгарып коюшса жакшы болмок.

Пикирлер модератордун текшерүүсүнөн кийин жарыяланат