Ат-Башынын балы ортомчулар аркылуу сатылып жатат

Ат-Башы району | 21:32, 6-апрель 2021 | Кароолор: 727Аткарыла элек

Аары челек менен иштегениме 10 жылдан ашты.​ Башында кыйынчылыктар болду. Үйрөнүү, ишти алып кетүү оор экен.​ Бир сезондо жакшы болсо 6-7 тоннага чейин бал алам.

Аба ырайы менен көп байланышта болуп калат. Бир гана сатуу жагы кыйын болуп жатат. Сатылып жатат, бирок ортомчулар аркылуу. Сата келгенде эле балдын баасы арзан болуп, кеткен чыгымды эсептегенде 400-500 миң сомдун тегерегинде киреше болот.

Чыгым билинбегени менен көп кетет. Көчкөнгө, аарынын ар кандай дары-дармегине, жылы бою челектерди алмаштырууга акча кетет. Мен 70 челек менен иштейм. Жайда тарткан балыбыз өтпөй, кышка чейин, кээ бир балчылардыкы жазга чейин калат. Баасы 170 сомдон өйдө,​ 210 сомго чейин сатып жүрүшөт.

Февралдан баштап августка чейин аары менен таза иштейбиз. Бул жаш баладан жаман, убагында тамагын, дарысын берип туруу керек. Аары ооруйт, ичи өтөт, айтор​ кооптуу оорулары көп жуктурат.

Пикирлер модератордун текшерүүсүнөн кийин жарыяланат
Для добавления комментария авторизуйтесь