- Баш барак /
- Нарын /
- Ат-Башы району
Дарыгерлерге мамлекеттик ипотека берилеби?

Мен дарыгермин, бюджетке өткөнүмө байланыштуу Ат-Башыга келип иштеп жатам.
Биз интернеттен көрүп жатабыз, медиктердин орточо айлыгы 16 000 сом дешет. Муну кайсы жактан таап алганын билбейбиз.
Мен колума 11 012 сом алам. Өткөндө бир депутат келди, атын айтпай эле коеюн. Биздин айлыгыбыз аз, ушуну Жогорку Кеңештен айтып коюңуз десем, ал “ушуга нааразысыңбы, "шабашка" алып жатпайсыңбы” дейт. Ушул эл өкүлүнүн сөзүбү?
Аялым дагы дарыгер. Биздин үйүбүз же жерибиз жок. Документ тапшырып көрсөк менин айлыгым ипотекага үй алганга жетпейт экен. Үй-бүлөлүк бюджет 30 миң сомдон жогору болушу керек экен. А мен 50 жыл иштесем дагы 12 миң сом айлык алсам, өмүр бою үйү жок кетет экенмин. Мамлекеттик ипотеканы карап берсеңер.
Учурда окулууда
10 жылда чогулган 2 млн сом жарым саатта жоголгон. Окуянын чоо-жайы
Окуп жаткандар: 50
Куванычбек Конгантиев камакка алынды
Окуп жаткандар: 37
STEM мугалимдеринин гана айлыктары жогорулайбы? Агартуу министрлигинин жообу
Окуп жаткандар: 28
Орозо айттын күнү айтылды
Окуп жаткандар: 12