Дарыгерлерге мамлекеттик ипотека берилеби?

Ат-Башы району | 22:59, 6-апрель 2021 | Кароолор: 1 872Аткарыла элек

Мен дарыгермин, бюджетке өткөнүмө байланыштуу Ат-Башыга келип иштеп жатам.

Биз интернеттен көрүп жатабыз, медиктердин орточо айлыгы 16 000 сом дешет. Муну кайсы жактан таап алганын билбейбиз.

Мен колума 11 012 сом алам. Өткөндө бир депутат келди, атын айтпай эле коеюн. Биздин айлыгыбыз аз, ушуну Жогорку Кеңештен айтып коюңуз десем, ал “ушуга нааразысыңбы, "шабашка" алып жатпайсыңбы” дейт. Ушул эл өкүлүнүн сөзүбү?

Аялым дагы дарыгер. Биздин үйүбүз же жерибиз жок. Документ тапшырып көрсөк менин айлыгым ипотекага үй алганга жетпейт экен. Үй-бүлөлүк бюджет 30 миң сомдон жогору болушу керек экен. А мен 50 жыл иштесем дагы 12 миң сом айлык алсам, өмүр бою үйү жок кетет экенмин. Мамлекеттик ипотеканы карап берсеңер.

Пикирлер модератордун текшерүүсүнөн кийин жарыяланат
Для добавления комментария авторизуйтесь