Улан конушуна дагы унаа каттатып коюшса жакшы болот эле

Ат-Башы району | 00:57, 7-апрель 2021 | Кароолор: 693Аткарыла элек

Мен Ат-Башы айылынын Улан конушунда жашайм. Жаныбыздагы коңшу Ак-Өргө конушуна кичи автобус келет, бирок ошондо дагы чоң жол менен эле келип, бат эле кетип калат. Окуучуларды күтпөйт. Жетишпей калганы жөө кетет.

Ал эми биз жакка келбейт дагы. Биздин конушта дагы карылар, жаш балдар бар. Чоң жолго бир топ эле басып калабыз. Айыл өкмөт башчы ушул жагын карап койсо болот эле.

Пикирлер модератордун текшерүүсүнөн кийин жарыяланат
Для добавления комментария авторизуйтесь