Аэропортто мыйзамсыз бет кап саткандарды ким тыят?

Ош шаары | 13:14, 8-апрель 2021 | Кароолор: 824Аткарыла элек

"Ош" эл аралык аба майданына барсаң, ондогон кишилер кадимки бет капты чөнтөгүнө салып алып сатып жүрүшөт. Аталган аба майдандын имаратына бет капсыз кирүүгө мүмкүн эмес болгондуктан ал жерге барган жаран аргасыздан болсо да ошол бет каптарды сатып алууга тийиш.

Кызыгы, 5 сомдон сатылган бет каптарды 20 сомдон аласың. Чөнтөктөрүнө салып алып соода кылганы санитардык талаптарга жооп бербейт да. Алардын соодасын мыйзамсыз деп атасак болот. Аалар соода кылып, акча тапканы менен такыр салык төлөшпөйт. Аларды ким көзөмөлгө алат?

Пикирлер модератордун текшерүүсүнөн кийин жарыяланат
Для добавления комментария авторизуйтесь