- Баш барак /
- Жалал-Абад /
- Базар-Коргон шаары
Мал-жандыгыбыз менен бир арыктан суу ичебиз
Биз Базар-Коргон районунун Кеңеш айыл аймагына караган Кара-Жыгач айылында турабыз. Биздин айылда таза суу дээрлик жок. Айылды аралап өткөн чоң арык бар, анда кышы-жайы дээрлик ылай суу агат. Ошол суудан мал-жанды да сугарып, өзүбүз да суу ичүүгө аргасыз болобуз.
Кир суу ичкендиктен айылда жаш балдар арасында сарык, ичеги-карын ооруларына чалдыккандар көп болот. Жергиликтүү бийлик маселени чечип берсе жакшы болмок.
Учурда окулууда
Ат-Башыда мыйзамсыз курал-жарак табылды
Окуп жаткандар: 1
Баткенде күрүчтүн баасы 2 эсеге арзандап кетти: Себеби белгилүү болду
Окуп жаткандар: 1