Мал-жандыгыбыз менен бир арыктан суу ичебиз

Базар-Коргон шаары | 13:17, 8-апрель 2021 | Кароолор: 1 032Аткарыла элек

Биз Базар-Коргон районунун Кеңеш айыл аймагына караган Кара-Жыгач айылында турабыз. Биздин айылда таза суу дээрлик жок. Айылды аралап өткөн чоң арык бар, анда кышы-жайы дээрлик ылай суу агат. Ошол суудан мал-жанды да сугарып, өзүбүз да суу ичүүгө аргасыз болобуз.

Кир суу ичкендиктен айылда жаш балдар арасында сарык, ичеги-карын ооруларына чалдыккандар көп болот. Жергиликтүү бийлик маселени чечип берсе жакшы болмок.

Пикирлер модератордун текшерүүсүнөн кийин жарыяланат
Для добавления комментария авторизуйтесь