Сурьма комбинат таланып, биротоло жоголгону калды

Кадамжай району | 13:56, 8-апрель 2021 | Кароолор: 1 202Аткарыла элек

Кадамжайды тааныткан, Кадамжайдын сыймыгы болгон сурьма комбинат таланып, талкаланып, биротоло жоголгону калды.

Такыр жоголуп кеткиче токтотуп калып, ишин кайра жандандырса болот. Жаштар келечекте нанын ушул эле жерден тапса болчудай.

Бүгүнкү күндө "Ош электр" ишканасы карыздын ордуна комбинаттын баш-мээси болгон башкармалыгынын имаратын алганы жатыптыр. Башын алгандан кийин, калган жагы тез арада сатылып жок болот. Ал эми "Ош электр" ишканасы имаратты жеке менчикке сатып тынат. Ошондо баары кеч болот, келечек жок болот.

Пикирлер модератордун текшерүүсүнөн кийин жарыяланат
Для добавления комментария авторизуйтесь